Ким Чен Ын Түндүк Корея кол салгандардын баарын жок кыларын айтты

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын 25-апрелде Корей элдик армиясынын негизделгенинин 90 жылдыгына арналган парадда Түндүк Корея кол салгандардын баарын жок кыла турганын айтты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

"Азыр биздин аскердик күчтөр ар кандай салгылашууга даяр. Түндүк Кореяга кол салып, кагылыш баштоого аракет кылган бардык күчтөрдү жок кылабыз", - деген Ким Чен Ын.

Парад Түндүк Кореяда дүйшөмбү күнү саат 22:00дө (Бишкек убактысы боюнча 19:00) Пхеньяндагы Ким Ир Сен аянтында өткөн. Парадда 250дөн ашык жабдык, анын ичинде Хвасон-8 гипер үндүү ракетасы, жакында Пхеньян сынаган Хвасон-17 континенттер аралык баллистикалык ракетасы (ICBM) жана суу астында жүрүүчү кайыктан учурулган баллистикалык ракета (SLBM) көрсөтүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан