Чүйдө өткөн рейдде 70 бала кайырчылык кылып жүргөнү аныкталды

Чүй облусунда өткөн “Селсаяк” аталышындагы рейд учурунда кайырчылык кылган 70 бала аныкталды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, рейд 16-17-апрель күндөрү болуп өткөн. Аталган иш-чарага облус боюнча 300 милиция кызматкери жана 659 жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 210 жай текшерүүгө алынган.

Анда базар жана соода түйүндөрү, жертөлө жана жылуу түтүктөр өткөн жайлар, компьютердик клубдар жана башка 54 коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында көчөдө кайырчылык жана селсаяктык кылган 70 өспүрүм аныкталып, алардын ичинен бири балдар үйүнө жайгаштырылды.

Мындан тышкары 27 өспүрүмдүн сабакка барбай жатканы такталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, орто мектептерге жөнөтүлдү.

Рейд учурунда аныкталган жагдайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан