13 миллиондук Mercedes'ин өрттөп, унаасында канга боёлгон кыз табылган блогер Михаил Литвин тууралуу кызыктар

13 миллион рублдук унаасын өрттөп жиберген блогер али эсиңизде болсо керек. Дал ушул видеосу менен социалдык тармактарда атагы чыккан Михаил Литвин тууралуу кызыктарды топтодук.

Михаил Литвин 1999-жылы 30-ноябрда Орусиянын Түштүк Сахалин шаарында төрөлгөн. Ал жаш кезинен эле спортко жакын болуп, түрдүү спорттук мелдештерге катышкан. Анын ичинен футбол Литвиндин жашоосунда чоң роль ойногон. Бирок ал окууга анчейин кызыкчу эмес. Анткен менен аны ата-энеси мектепке барбагандыгы үчүн эч жемелечү эмес, тескерисинче ага колдоо көрсөтүп турушчу. Ал окууну аяктагандан кийин Москвага көчүп кеткен.

Учурда блогер, YouTube жана Instagram тармагынын жылдызы.

Социалдык тармактардагы популярдуулук

Михаил Литвин 2016-жылдан тарта социалдык тармактарда активдүү боло баштаган. Маселен, ал аталган жылдын 5-ноябрында өзүнүн YouTube каналын түзгөн. Ал эми анын видеолорунун негизги темасы - адамдарды пранкка салуу болуп эсептелет. Мындай видеолор менен блогер өзүнүн аудиториясын кеңейткен. Андан соң Instagram, Tik-Tok өңдүү социалдык тармактарда катталуучулар, атап айтканда жаш муундардан баштап чоңдорго чейин каттала баштаган.

Литвин төрт жүздөн ашуун видео жараткан, алардын ар бирин кеминде 2 миллиондон кем эмес көрүүчү көрөт.

Анын Инстаграмдагы катталуучуларынын саны – 14 миллион 600 миң болсо, ал эми YouTube’да дээрлик 9 миллионго жетет.

13 миллион рублдук унаасын өрттөп...

Блогердин айрым видеолору массалык медиа каражаттарынын бетинен түшпөй келет. Маселен, анын камакка алынган учурлары да кездешет. 2018-жылдын декабрь айында полиция кызматкерлери блогердин унаасын токтотуп, ичинен канга боёлгон кызды табышкан. Блогер эч нерсе түшүндүрбөстөн качып кеткен. Анткен менен блогер камакка алынып, эки күн убактылуу кармоочу жайга отуруп чыккан. Кийин блогер бул жөн гана тамаша экендигин айтып чыккан.

Ал эми 2020-жылы Михаил Литвин 13 миллион рублдук Mercedes GT63s үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жиберген. Анын бул видеосу интернет айдыңында кызуу талкуу жараткан.

2020-жылдын июль айында “Сахалинец” футболдук клубун түзүп, “Локомотив” футболдук клубунда ойногон спортчу Юрий Дроздовду машыктыруучу катары чакырган. Блогердин бул жаңы түзгөн футбол клубу социалдык тармактарда миллиондон ашык катталуучуларга ээ болгон. Тактап айтканда, алардын саны “Зенит” жана “Спартак” сыяктуу атактуу клубдардын катталуучуларынын санынан кыйла көп болгон.

Жеке жашоосу

Михаил Литвин социалдык тармактарда активдүү болгону менен жеке жашоосун көп жарыялай бербейт. Айрым маалыматтарга караганда, ал учурда модель Адель Вейгел менен жакын мамиледе.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан