Казакстанда январь окуясына байланыштуу 214 кишиге өкүм чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы брифинг маалында билдирди.
Маалыматка ылайык, бардыгы болуп сотко 265 кылмыш иши жөнөтүлгөн. 19-апрелде 214 кишиге өкүм чыкканы белгилүү болгон, анын ичинен 20 киши абакка кесилген. Башкы прокуратурадан ушу тапта 585 шектүү кармоочу жайларда отурганын билдиришет.
Тергөөчүлөр "алар имараттарды талкалоо, өрт коюу, ок чыгарган курал-жарактарды уурдоо, мамлекеттик жайларга жана күч органдарынын өкүлдөрүнө кол салууга активдүү катышкан" деп эсептейт. Январь окуясы боюнча жалпы 5 миң 41 иш тергелип жатканы айтылат маалыматта.
Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен. Мындан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.