Түндүк Кореяда Корей элдик армиясынын 90 жылдыгына карата масштабдуу аскердик парад өттү. Анда миңдеген армия Пхеньяндагы Ким Ир Сен аянтын басып өтүп, 250гө жакын аскердик техника көрсөтүлдү.
Парад Түндүк Кореяда дүйшөмбү күнү саат 22:00дө (Бишкек убактысы боюнча 19:00) өткөн. Парадда 250дөн ашык жабдык, анын ичинде Хвасон-8 гипер үндүү ракетасы, жакында Пхеньян сынаган Хвасон-17 континенттер аралык баллистикалык ракетасы (ICBM) жана суу астында жүрүүчү кайыктан учурулган баллистикалык ракета (SLBM) көрсөтүлгөн.
Парадда Ким Чен Ын жана жубайы жоокерлерди жылмайып, кол булгалап тосуп алышкан. Аскердик парад түн ичинде өткөрүлдү.