"Аягында нан урсун дегенге чейин жеткиришти". Балбак Түлөбаев парламентте агынан жарылды

Буга чейин парламенттин укугун чектөө тууралуу депутаттын сунушу кызуу талкууга алынган. Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Балбак Түлөбаев талкуу жараткан сунуш боюнча дарегине карата жаман пикирлер айтылганын билдирди.

"Кечээ мени "Анарадай эле болуп калдың", "мен Анара эмесмин дегендей болдуң", "пахтакор, "жүн койгуч" дешип таң атканга чейин атабаган сөздөрү калган жок. Аягында "нан урсун, айткан эмесмин" дегенге чейин жеткиришти. Айла жок, бул коом экен да. Марлен Маматалиев аны атайын жасады деп айта албайм, өзү дагы айтат го. Биздин берген нерсе башка.

Урматтуу төрага, өтө өкүнүчтүү. Адахан Кимсанбаевич туура айтат, комитеттин бөлүмдөрү биздин ордубузга чечим чыгарып калышыптыр. Биздин берген кагаздарды окубайт, "бул жарабайт, жарабайт" деп тээп жатышат. Анда биз мыйзам чыгаруу укугун Жогорку Кеңештин аппаратынын ошол комитетине өткөрүп коёлу анда. Бул биринчиси.

Экинчиси, Турдакун Усубалиев ушул Ак Үйдү салып жатканда "ушуну эмнеге салып жатасың, эски эле имаратта отура бербейт белең" деди болду бекен? Азыр президентти тытып салмай болдук. Кээ бирлери "мен журналистмин" дешет. Алар азыр журналист эмес, алар саясий партияга мүчө болгон, талапкер болгон, саясий кызыкчылык менен бийликке оппонент болгон. Өкмөт дагы аларга жооп бериш керек да. Биз ушуларды айтсак эле пахтакор, кошоматчы дешет. Анда Жогорку Кеңеш дудук болуп эле отуралы", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин отчётун угуу укугунан ажыратууну Балбак Түлөбаев сунуштаганы кабарланган. Көп узабай Балбак Түлөбаев мындай пикир айтпаганын билдирген. Ал эми Марлен Маматалиев жыйында адашып айтып алганын, аталган сунушту депутат Түмөнбаев бергенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан