"Эки авамдан кечирим сурайм". Марлен Маматалиев аттарын жаңылып айтып алган депутаттарга кайрылды

Буга чейин Балбак Түлөбаев менен Акылбек Түмөнбаевдин аттарын жаңылып айтып алган депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жыйынында кечирим сурады.

Ал Мирлан Самыйкожонун кайрылуусуна жооп берип жатып, техникалык ката болгонун айтты.

"Менин колумда 500 барак кагаз турат. Бул кыскартылган варианты. Андан сырткары депутаттардан келген 40тай сунуш бар. Ар бир депутат сунушун кагаз түрүндө берет, бирок баарын окуп чыкпайбыз. Айрым учурларда маселелер болуп калганда толугу менен окуп чыгабыз. Бирок бул кагазга ар биринин бою, салмагы жазылбайт, туура фамилиясы жазылат. Бул жерде техникалык ката кетип калат экен.

Андай болсо дагы мен бөлүмдүн, өзүмдүн атымдан эки авамдан кечирим сурайм", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын Конституцияны өзгөртүү, министрлер кабинетинин отчётун угуу укугунан ажыратууну Балбак Түлөбаев сунуштаганы кабарланган. Көп узабай Балбак Түлөбаев мындай пикир айтпаганын билдирген. Ал эми Марлен Маматалиев жыйында адашып айтып алганын, аталган сунушту депутат Түмөнбаев бергенин айткан.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан