Нурсултан Назарбаев жакында бардык артыкчылыктарынан ажыратылышы мүмкүн

Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын спикери Ерлан Кошанов бийлик Нурсултан Назарбаевге бир катар ыйгарым укуктарды берген мыйзамды жокко чыгарууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

"Конституцияга киргизилген жаңы түзөтүүлөрдө Эл башынын статусу алып салынган, бирок Назарбаевдин мамлекеттин негиздөөчүсү катары ролу кала берет. Биз бул түзөтүүлөрдү кабыл алгандан кийин биринчи президент жөнүндөгү мыйзам дагы күчүн жоготот", - деген Кошанов.

Эске салсак, Назарбаев Казакстанды 30 жыл башкарган. Ал 2019-жылдын март айында ыйгарым укуктарын токтоткон. Ошого карабастан ал Казакстандын биринчи президенти – Эл башы жөнүндөгү мыйзамда бекитилген бир катар ыйгарым укуктарды жана артыкчылыктарды өзүнө сактап калган.

Азыркы мыйзамга ылайык, Назарбаев президент болуп турганда жасаган иштери үчүн жооп бербейт. Башка нерселер менен катар ал камакка алынышы, камакта кармалышы, суракка алынышы жана тинтүүгө алууга мүмкүн эмес. Назарбаевдин жана аны менен чогуу жашаган үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардык мүлкү кол тийгис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан