Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлдү. Аны саясатчы Бекболот Талгарбеков жана экс-депутат Исмаил Исаков негиздеген.
Уюмдун түзүлгөнү тууралуу SUPER.KG порталына Талгарбеков билдирди.
Ага саясатчылар, коомдук ишмерлерден турган 50 киши кирген.
"Негизги демилгечи Исмаил Исаков экөөбүз болдук. Өлкөбүз өнүгүү жолуна түшө албай жатат. Андыктан анын өнүгүшүнө салым кошсок деп жатабыз. Төртүнчү төңкөрүш болбосун деген адамдар чогулдук. Бийликте да жокпуз, оппозиция дагы эмеспиз, орто саясатты карманабыз.
Дежур да, "акшакал" да эмеспиз, ачуу сындарды айтып турабыз”, - деди Талгарбеков.