Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева айыл чарба министринин коррупциялык аракеттери бар экенин, аны УКМК менен Башкы прокуратура текшерүүсүн талап кылды.
“Бүгүнкү күндө кайра иштетүүчүлөр митингге чыгып жатышыптыр. Айыл чарба министрлиги чоң реформаларды жасап жатса, парламент ага тоскоол болууда дешип. Кандай реформалар болуп жатат?”, - деди депутат.
Ага айыл чарба министринин орун басары Жаныбек Керималиев “тескерисинче парламент мыкты жардамдарды берип жатат” деди.
Ошондой эле парламент тоскоол болууда деп митингге чыккандар мүмкүн жаңылып жатышканын айтып, "беш кол тең эмес" деген пикирин айтты.
“Вице-премьер-министр Эдил Байсалов "депутаттар айыл чарба реформаларына тоскоол болууда" деп соцтармактарга жазып жатат. Муну өкмөт кандай мааниде билдирип жатат?”, - деди Сурабалдиева.
Министрликтин өкүлү маалыматы жоктугун, тактаган соң жооп узатарын билдирди.
“Аффилированный" тизмелерди ачыкка чыгарган депутаттар реформага тоскоолдук кылып жатабызбы? Депутаттарга шылтап, митинг уюштурган айыл чарба министрине кайрылат элем, эртең арзан насыяга жетпеген фермерлердин тизмесин чыгарып туруп, министрликтин алдына чыгарып берсем уят болот. Бир жыл мурун президент баштаган жакшы долбоорду бир ай калганда, 20 күн ичинде жакындарын, досторунун тизмесин түзүп алып парламентке алып келгени уят. Аны жокко чыгарып берсек, эртеси депутаттар бизди коррупциялык иштерине күнөөлөбөсүн”, - деди Сурабалдиева.
Элди митингге чакырган министрдин ишин териштирүүнү депутат УКМКдан өтүндү.