Жалал-Абадда Чаткал дарыясынан 45 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.
"Куткаруучуларга Каныш-Кыя айылында Чаткал дарыясына эркек киши түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүүгө 7 куткаруучу тартылып, 45 жаштагы жарандын жансыз денеси жергиликтүү тургундар менен биргеликте суудан чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди", - дешет басма сөз кызматынан.