Садыр Жапаров: "Кыргыз-Тажик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери дале болсо көйгөй бойдон калууда"

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы талаштуу делген чек ара тилкелери боюнча маселелер дагы деле көйгөй бойдон калууда. Бул туурасында бүгүн, 28-апрелде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын бир жылдыгына карата жасаган кайрылуусунда айтты.

"Чек ара маселесин чечүү бизден кылдаттыкты, сабырдуулукту жана ырааттуулукту талап кылууда. Чек ара көйгөйлөрүн кошуна мамлекет менен бири-бирин сыйлоонун, урматтоонун алкагында тынчтык сүйлөшүү жолдору менен гана чечүү зарыл экендигин бүгүн дүйнөдө болуп жаткан окуялар тастыктап койду. Кошуна мамлекеттин жетекчиси да жакында Согди облусуна болгон иш сапарында чек ара маселелерин кыргыз тарап менен тынчтык жолу аркылуу сүйлөшүп, чечүүгө кызыкдар экендигин белгилеп кетти.

Азыркы учурда талаштуу чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келүү максатында эки тараптуу мамлекеттик комиссия ырааттуу түрдө ишин улантып жатат. Жылыш жок эмес, аз да болсо жылыштар бар", - деди президент.

Эске салсак, 2021-жылы 28-апрелде таңга маал кыргыз-тажик чек арасында жаңжал курчуган. Тажиктердин кол салуусунан Кыргыз өлкөсүнүн 36 жараны каза болуп, 180ден ашууну жаракат алган. Жаңжалда чек ара айылдарынан жалпысынан 40 миң 649 жашоочу эвакуацияланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан