Бириккен улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш Москвадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын борбор шаары Киевге барды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Башкы катчынын эки өлкөгө жасаган иш сапарынын негизги максаты акыркы күндөрдө кагылыштар күч алган Мариуполь шаарындагы "Азовсталь" заводунун айланасында жашаган жай тургундарды коопсуз жайга чыгарып кетүүгө жетишүү экендиги кабарланды. Ошондой эле ал согуштан жапа чеккен жашоочуларга гуманитардык жардамдын көлөмүн арттыруу жана жай тургундарды эвакуациялоо сыяктуу иштер жүргүзүлүп жатканын билдирген.
"Бул согуш канчалык эрте бүтсө, Украина үчүн да, Орусия үчүн да, ошондой эле бүткүл дүйнө үчүн да жакшы болмок", - деп белгиледи башкы катчы социалдык тармактагы баракчасына.
Буга чейин Украинанын президенти Володимир Зеленський Антониу Гуттериштин иш сапарды биринчи Орусияга жасаганын "акылга сыйгыс нерсе" деп айыптаган.