Франциянын президенти Эммануэль Макрон Иль-де-Франс аймагына жасаган иш сапарында жергиликтүү тургундар ага помидор ыргытышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя өлкө башчысы Сержи муниципалитетине болгон иш сапары учурунда болгон. Анда ал базарга барган. Видеодо көрүнгөндөй, Эммануэль Макрон сүйлөп жатканда жергиликтүү тургундар ага помидор ыргыта башташкан жана коопсуздук кызматкерлери президентти кол чатыр менен калкалап, элдин арасынан алып кетүүгө аракет кылышкан.
Белгилей кетсек, 24-апрель күнү Эммануэль Макрон президенттик шайлоодо 58,2 пайыз добуш менен жеңип чыккан. Муну менен ал 20 жылдан бери алгачкы жолу экинчи мөөнөткө шайланган президент болуп калды.