Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Бишкек шаарына боло турган сапары жылдырылган жок

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун 29-апрелдеги Бишкек шаарына боло турган сапары жылдырылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ооруп калганына байланыштуу Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловдун Бишкек шаарына боло турган сапары жылдырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Азыр эч кандай өзгөрүүлөр болгон жок. Казакстандын премьер-министрин Акылбек Жапаровдун ордуна министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары тосуп алат”, - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов эртең, 29-апрелде Бишкек шаарына келип, кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышмак.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан