Америкалык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Coca-Cola компаниясын сатып алуу ниетин билдирди. Бул тууралуу анын Твиттерге жазган билдирүүсүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Кокаинди кайра алып келүү үчүн (суусундуктун курамына) эми Coca-Cola компаниясын сатып алам", - деп жазган ал.
Анын бул билдирүүсүнөн кийин компаниянын акциясы 0,3 пайызга кымбаттаган.
Эскерте кетсек, Илон Маск 25-апрелде Твиттерди дээрлик 44 миллиард долларга сатып алган.