АКШ биринчи жолу 11-сентябрдагы теракттын алдында террорчулар тартылган видеону жарыялады

Америкалык CBS News телеканалы биринчи жолу 2001-жылдын 11-сентябрында Нью-Йорктогу эгиз мунараларга жана Вашингтондогу Пентагондун имаратына кол салууларды уюштурган террорчулар тартылган видеону жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, видео тасма Британия сотунун чечиминен кийин 11-сентябрдагы кол салууда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жеткиликтүү болду. 20 сааттан ашык видео жана аудио жазуулардан тышкары коомчулукка 14 миңден ашуун барактагы документтерди көрүү мүмкүнчүлүгү берилди.

Видео Англияда Сауд Арабиянын жараны Омар аль-Баюмиден кол салуулардан эки апта өткөндөн кийин алынган. Тасмада 2000-жылдын февралында Сан-Диегодогу батирде болгон Наваф Аль-Хазми менен Халид Аль-Мидхар көрсөтүлөт. Дал ушул адамдар кийинчерээк учактарды басып алууларды жана чабуулдарды уюштурушкан.

Омар аль-Баюми кол салууларды уюштурууга жардам берген деп шектелип, кийинчерээк бошотулган. CBS News аны менен Сауд Арабиянын элчилиги аркылуу байланышууга аракет кылган. Бирок андан майнап чыккан эмес.

Эске салсак, 2021-жылы АКШнын ошол кездеги президенти Жо Байден 2001-жылдын 11-сентябрындагы кол салууларга байланыштуу жаңы материалдарды коомчулукка чыгаруу процедурасын баштаган жарлык чыгарган.

АКШ 11-сентябрдагы теракттын алдында террористтер тартылган видеону жарыялады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан