Кеминде беш өлкө өз жарандарын Приднестровье деп аталган аймактан мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Мисалы, Болгариянын Тышкы иштер министрлиги Молдованын аймагында болуу кооптуу болуп бара жатканын билдирген.
"Молдова Республикасында жана анын айланасындагы кырдаалдын начарлап бара жатканын эске алып, биз мекендештерибизди бул өлкөгө болгон ар кандай сапарлардан баш тартууга чакырабыз. Молдова Республикасынын аймагында жүргөн Болгария жарандарын өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Израилдин Молдовадагы элчиси Жоэль Лион дагы ушундай эле чакырык менен кайрылуу жасаган. Ал Тышкы иштер министрлигинин аймакта жашаган израилдик жарандарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин баса белгилеген.
"Коопсуздук кырдаалынын начарлоосуна байланыштуу Израилдин жарандарына Приднестровьеден мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүү сунушталат. Мындан тышкары Тышкы иштер министрлиги жакынкы келечекте Приднестровьеге келүүнү пландап жаткан израилдик жарандарды бул жолку сапарын токтотууга чакырат", - деп жазган ал Твиттердеги баракчасына.
Ушундай эле кайрылууларды Канада, АКШ, Германия мамлекеттери жасаган. Алар дагы бул аймакта кырдаал начарлап жатканын айтышкан.
Буга чейин Украинанын аймактык коргонуу күчтөрү жана аскерлери Приднестровье менен мамлекеттик чек араны коргоону күчөтүшкөн.
Кошумчалай кетсек, Молдованын президенти Майя Санду Приднестровьедеги окуяларга байланыштуу Жогорку коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чакырган.
Приднестровье Молдованын Чыгыш Европадагы таанылбаган мамлекети.