Супер фактылар: Калемпир кошулуп жасалган балмуздук тууралуу билчү белеңиз?

Күн жылып балмуздактын сезону башталып калган убагы. Өзгөчө май айы майрамдарга жана эс алуу күндөрүнө бай. Бул күндөрү сейил бактарда балмуздактардын "күнү тууйт" десек болот. Мындай учурда балмуздактан жаш балдар эле эмес, чоңдор да баш тарта албайбыз. Мына, ошол биз сүйүп жеген балмуздак тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайбыз.

1. Балмуздак качан жана кайсы жерде пайда болгону тууралуу так маалымат жок. Бирок археологиялык документтерге таянуу менен окумуштуулар балмуздак мындан 4000 жыл мурда байыркы Кытайда пайда болгонун айтышат;

2. Дүйнө жүзү боюнча ваниль, шоколад жана кулпунай даамдуу балмуздактар популярдуулукка ээ;

3. Байыркы Орусияда бул таттуу десертти кыш мезгилинде сүт менен балдын аралашмасын тоңдуруп жасашкан;

4. Мексикада ачуу балмуздак популярдуулукка ээ. Ага чили калемпири кошулуп жасалат;

5. Балмуздактын кытырак вафлиси 1904-жылы гана пайда болгон;

6. Венесуэланын Мерида шаарында 80-жылдардан бери балмуздактын 850дөн ашуун түрүн сунуштаган кафе иштеп келет. Анда сабиз, тунец, пиво, креветки, помидор, чочко этинин даамы кошулган балмуздактар бар;

7. АКШ балмуздакты эң көп жеген өлкө болуп саналат. Анда ар бир кишиге жыл сайын 20 килограмм балмуздак туура келет;

8. Ал эми Португалияда иттер үчүн да атайын балмуздак чыгарылган;

9. Дүйнөдөгү эң кымбат балмуздак Нью-Йорктун ресторандарынын биринде сатылат. Анын өзгөчөлүгү эмнеде десеңиз, бул балмуздак желе турган алтын менен кооздолгон, 1 балмуздактын баасы 25 000 долларды түзөт;

10. Тарых менен байланыштуу кызыктуу факты айта турган болсок, бийликтен кулатылган француз императору Наполеон Ыйык Елена аралында сүргүндө жүргөн убагында ага балмуздак жасай турган аппарат жеткирип беришкен. Себеби ал бул муздак десертти абдан жакшы көрчү;

11. 2011-жылы Канадада дүйнөдөгү эң чоң балмуздак жасалган, анын салмагы дээрлик 10 тоннаны түзүп, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген;

12. Белгилүү орус жазуучусу Антон Чехов да балмуздакты сүйүп жегени маалым. Ал орус жазуучусу Алексей Плещеевге жазган каттарында байлыгынын жарымынан көбүн балмуздакка сарптаганын айтып, арызданганы бар;

13. Таякчасы бар балмуздак кокусунан эле пайда болгон. Анда америкалык 11 жаштагы бала кыштын күнү стаканга куюлган лимонадын сыртта унутуп калган. Анын ичинде суусундукту иче турган түтүкчө болгон. Эртеси күнү ал тоңуп калган болот, аны түтүкчөсү менен жеп көрүп абдан жактырган. Бирок арадан 20 жыл өткөндөн кийин бул окуяны эстеп, таякчасы бар балмуздак чыгарууга патент алган;

14. Кызыгы, балмуздактын тыгыздыгынын басымдуу бөлүгүн аба ээлейт. Эгер андан абаны алып салса, аны тиштөө кышты (кирпичти) тиштөөгө барабар болот;

15. Профессионалдуу даам таткычтар (дегустаторлор) балмуздакты даамдап көрүүдө таза алтындан жасалган кашыкты колдонушат. Себеби алтындын жыты жана даамы жок;

16. Жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 15 миллиард литр балмуздак пайдаланылат;

17. 19-кылымдын ортосуна чейин бул таттуу жана муздак десерт бай адамдарга гана жеткиликтүү болгон. Көчөдө элге балмуздак саткан биринчи адам шведдик иммигрант болгон. Ал Лондондун көчөсүнө муздаткычы менен чыгып, элге арзан баада балмуздак сата баштаган;

18. Европа чөлкөмү балмуздак тууралуу алгачкы жолу саякатчы Марко Поло көп жылдык саякаттоосунан келгенден кийин билишкен. Ал балмуздактын рецебин Кытайдан ала келген;

19. АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон ар дайым түнкүсүн балмуздак жегенди жакшы көрчү. Өзүнүн айтымында, эгер балмуздак тууралуу ойлонсо, аны жемейин уктай алчу эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан