Кыргызстанга Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, "Манас" эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тосуп алган.
Бүгүн кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйыны өтөт.