Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
"Акылбек Жапаров бүгүн, 29-апрелде ооруканадан чыгып, кызматына киришти. Учурда абалы жакшы”, - деди министр.
Акылбек Жапаров 28-апрелде Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылганы кабарланган.
Бүгүн, 29-апрелде Бишкекке Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов келди. Ал кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышары күтүлүүдө.