Алматыда кыргыз номерлүү Honda Odyssey унаасы 4 жарым миллион теңгеден ашык суммага жол эрежесин бузду

Казакстандын Алматы шаарында кыргыз номерлүү унаанын айдоочусу 4 миллион 600 миң теңгеден ашык суммага жол эрежесин бузду. Бул тууралуу Алматы шаардык полициясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

Маалыматка ылайык, Алматы полициясы жол эрежесин бузгандар боюнча рейд өткөргөн. Анда өткөн сутка ичинде төрт айдоочу кармалган. Алардын бири кыргыз номерлүү унааны айдап бара жаткан айдоочу болгон. Текшере келгенде, бул унаага 504 мыйзам бузуулар үчүн салынган айып илинип турганы белгилүү болгон. Айып пулдун жалпы суммасы 4 миллион 629 миң 625 теңгени түзгөн.

"Жол эрежесин бузгандардын этиятсыз аракеттери кээде адам өлүмүнө да алып келет. Кармалгандардын бири 39 жаштагы айдоочу өзүнүн Honda Odyssey үлгүсүндөгү унаасы менен 504 жолу эреже бузууга жол берип, бирок айыпты төлөбөй койгон. Айдоочу дароо эле айдоочулук укугунан ажыратылды. Анын унаасы унаа токтотуучу жайга коюлду", - деген аймактык полиция бөлүмүнүн башчысы Манап Саттаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан