Кремль 9-майда чет элдик лидерлерди Москвага чакырбайт

Орусия Москвадагы Жеңиш күнүн майрамдоого чет элдик лидерлерди чакырган жок, анткени 2022-жылдагы дата юбилейлик дата эмес. Бул тууралуу Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин РИА Новости басылмасы жазды.

"Биз Жеңиш күнүнө бир дагы чет элдик лидерди чакырган жокпуз. Чындыгында бул юбилейлик дата эмес. Бул биздин майрам, бул бүткүл Орусия үчүн, бардык орусиялыктар үчүн ыйык майрам. Бирок биз чет элдик лидерлерди чакырган жокпуз", - деген Песков.

Ал ошондой эле Беларусь президенти Александр Лукашенко 9-майда Москвага келбей тургандыгын айткан.

18-апрелде Москванын жанындагы Алабино аймагында Жеңиш күнүндөгү аскердик парадды өткөрүү боюнча машыгуу болуп өткөн. Ага 9-майда Кызыл аянтта баса турган 11 миң аскер кызматкери катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан