Ооганстандын борбору Кабул шаарындагы мечитте жардыруу болуп, кеминде 50дөн ашык киши каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, жардыруу шаардагы мечиттердин биринде жума намазы учурунда болгон. Жардыруудан 50дөн ашык адам каза болуп, дагы көптөгөн адамдар жаракат алган. Азырынча жардырууну ким уюштурганы жана башкалар белгилүү боло элек. Алдын ала мааалыматтар боюнча, жанкечти өзүн жардырып жиберген.
"Талибан" кыймылы аймакты курчоого алган.
Өткөн жумада дагы Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында жайгашкан мечитте жардыруу орун алып, 33төн кем эмес адам каза болгон.