Кремль биринчи жолу Украинадагы буталарга суу астында жүрүүчү кемеден ракеталык чабуул жасалганын жарыялады

Орусиянын аскердик командачылыгы биринчи жолу Украина менен болгон салгылашта сокку уруу үчүн суу астындагы флотту колдонгонун жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 29-апрелде Орусиянын Коргоо министрлиги Кара деңизде суу астында жүрүүчү кемеден Калибр канаттуу ракеталары менен Украинадагы буталарга атылганын билдирген. Билдирме эки ракетанын такталбаган жерден түз суунун астынан учуп баратканын көрсөткөн видеотасмалардын жарыяланышы менен коштолду.

Буга чейин Улуу Британиянын Коргоо министрлиги Орусиянын Кара деңиз флоту "Москва" крейсери жарактан чыкканына карабастан Украинадагы кургактагы буталарга сокку уруу мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экенин билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан