Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон президент Садыр Жапаровду жана жалпы кыргыз элин Орозо айт майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик админстрациянын басма сөз кызматы билдирди.
"Гуманизм идеяларына толгон бул куттуу майрам жаркын ислам дининин өз ара түшүнүшүү, сабырдуулук, кайрымдуулук, боорукерлик, тилектештик жана бири-бирине колдоо көрсөтүү сыяктуу бийик баалуулуктарын камтыйт.
Тарыхый бекем салттарга ээ болгон достук жана өз ара пайдалуу кызматташтык мамилелерди чыңдоо жана кеңейтүү менен биздин өлкөлөр элдерибиздин түпкү таламдарына ылайык биргелешкен жаратмандык күч-аракет менен мындан ары да өнүктүрө берерине ишенем", - деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо катында.
Ошондой эле ал бүткүл дүйнө мусулмандары үчүн ыйык болгон ушундай берекелүү күндө бир тууган кыргыз элине тынчтык, бейпилдик, бакубатчылык, молчулук жана гүлдөп өнүгүү каалаган.