Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси Болат Назарбаев бир эле убакта 3 аял менен никелешкен. Бул тууралуу казак басылмалары жасап чыккан атайын иликтөөдө маалым болду. Төмөндө аталган иликтөөнүн материалынын урунттуу учурларын сунуштайбыз.
Андагы маалыматка ылайык, Болат Назарбаев 1975-жылы 22 жашында Гүлжан Айтмухамбетова аттуу айым менен баш кошкон. Жубайлардын Гүлмира, Кундуз жана Нурбол аттуу 3 баласы бар. Улуу кызы Гүлмира Назарбаева учурда Алматы облусунун Карасай районундагы административдик соттун төрайымы. Ортончу кызы Кундуз Назарбаева жеке ишкер. Ал эми кичүү уулу Нурбол Назарбаев бир канча жыл тартип сакчылыгында тергөөчү, прокурор өңдүү кызматтарды аркалаган соң ал дагы жеке ишкерликке өткөн.
Болат Назарбаев менен Гүлжан Айтмухамбетова
2001-жылы Болат Назарбаев биринчи жубайы менен ажырашпастан экинчи ирет Майра Курмангалиева аттуу айымга үйлөнгөн. Ал 39 жашта жана Болат Назарбаевден 9 жашка кичүү болгон. Майра Курмангалиеванын мурдагы жолдошунан төрөлгөн Данияр жана Жанна аттуу балдары да Назарбаевдердин фамилиясын алышкан. Ал эми өзү Болат Назарбаевден Ханболот аттуу уулдуу болгон.
Болат Назарбаев менен Майра Курмангалиева
Иликтөөдө айтылгандай Майра Курмангалиева жолдошунун бир катар мүлктөрүн (анын ичинде курулуш компаниялары, заводдор, соода борборлору) Данияр менен кичинекей Ханболатка каттатып алган. Мындан улам Болат Назарбаев экөөнүн ортосунда мүлк талашы жаралып, Казакстан эле эмес Нью-Йорктогу сотторго чейин кайрылышкан. Алардын айрымдарында Майра Курмангалиева жеңишке жетсе, айрымдарында сот чечими Болат Назарбаевдин пайдасына чыгып турган. Ал эми түгөйлөр 2011-жылы расмий түрдө ажырашкан.
Иликтөөнүн авторлору Болат Назарбаевдин Жамбыл районундагы ЗАГСта катталган Гүлнур Дүйсөбаева аттуу айым менен болгон үчүнчү никесин аныктап чыгышканын маалымдады. Ал 2009-жылы ишке ашкан. Демек Болат Назарбаев Гүлжан Айтмухамбетова жана Майра Курмангалиева экөөсү менен тең жашап жүргөн учурда катталган. Гүлнур Дүйсөбаева Болат Назарбаевден 27 жаш кичүү болгон.
Болат Назарбаев менен Гүлнур Дүйсөбаева
2020-жылы Болат Назарбаевдин биринчи жубайы Гүлжан Айтмухамбетова 65 жашында каза болгон. Андан жарым жыл өтпөй экөөнүн ортончу кызы Кундуз Назарбаева атасынын үчүнчү аялы Гүлнур Дүйсөбаева менен болгон никесин мыйзамсыз деп таап жокко чыгаруу арызы менен Карасай райондук сотуна кайрылган. Сот бир эле убакта эки адам менен никеге тургандыгы үчүн Болат Назарбаевди күнөөлүү деп таап, анын үчүнчү никесин жокко чыгарган.
Бирок көп өтпөй Гүлнур Дүйсөбаева ошол эле Карасай райондук сотуна кайрадан арызданып, жолдошу менен болгон никесин калыбына келтирип берүүнү өтүнгөн. Бул жолу башкы сот анын келтирген негиздерин туура деп таап, Болат Назарбаев менен болгон никесин мыйзамдуу деп жарыялаган. Ал эми Кундуз Назарбаеваны атасынын никесин мыйзамсыз деп таанууга укугу жок экендигин билдирип, анын мурдагы жазган арыздарын канааттандыруудан баш тартканы маалым болду.