9-майда Бишкектеги "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 77 жылдыгына карата митинг-реквием өтөт. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен маалымдашты.
Иш-чара Бишкек гарнизонунун аскерлеринин катышуусу менен өтөт. Ошондой эле "Солдат кашасы" уюштурулуп, согуш учурундагы курал-жарактар жана аскердик техникалар көрсөтүлөт.
Эскерүү иш-чарасына согуштун ардагерлери жана оруктун эмгекчилери, министрликтердин жана ведомстволордун жетекчилери, аскердик-дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, ошондой эле борбор шаардын тургундары жана коноктору чакырылган.
"Өлбөс полктун" жүрүшү Түштүк дарбазада башталат.
Эскерүү күнүнө карата Бишкек гарнизонунун аскерлерин машыгуулары, ошондой эле аскердик техникаларды жана куралдарды, талаа ашканасын даярдоо жүргүзүлөт.