ИИМ улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат

ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга алып келген аракеттерден алыс болууга чакырат. Бул туурасында мекемеден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Улуу Жеңиштин 77 жылдына карата иш-чараларда катышуучуларынын арасында чагымчылдык аракеттерди болтурбоо үчүн Украина менен Орусиянын ортосундагы аскердик кагылышууга байланышкан сүрөттөрдү, эмблемаларды колдонууга жана тагынып жүрүүгө жол бербөө боюнча алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Дордой”, “Ош базары”, “Орто-Сай”, “Аламүдүн” ири базарларынын жана соода борборлорунун, аскердик формаларды сатуу же ижарага берүү менен алектенген дүкөндөрдүн ээлерине, сатуучуларга түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мындан сырткары «Өлбөс полк-Кыргызстан» жөө жүрүшүнүн уюштуруучулары менен алдын ала түшүндүрүү иштери өткөрүлүүдө.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан айдоочулар арасында унааларга ар кандай жазуулары бар эмблемаларды чаптоолору боюнча 3 факты аныкталып, "Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган транспорт каражатын башкаруу" боюнча жоопкерчиликтин каралгандыгы жана 5500 сом айып салынары эскертилүүдө", - деп жазылат маалыматта.

ИИМ жарандарды улуттар аралык кастыкты козутууга жана чыр-чатактарга алып келүүчү ар кандай символдорду тагынуудан баш тартууну сунуштайт. Аталган аракеттер үчүн мыйзамга ылайык жоопкерчиликтер каралгандыгын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан