"Ынтымак" командасы Баткен облусунда өтүп жаткан көк бөрү мелдешиндеги алгачкы оюнда "Ала-Тоо" командасын жеңип алды. "Б" тайпасындагы эки команданын беттеши 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Оюнда "Ынтымактын" катарынан Эрлан Төлөбеков, Нооруз Раатбек уулу жана Кушчубай Илис уулу өзгөчөлөнсө, "Ала-Тоо" командасынын жалгыз салымын Бообек Шакирбек уулу таштады.
Манас Ниязов баштаган "Ала-Тоо" командасы кийинки беттешинде "Бакубат-Талас" жааты менен кез келет. Белгилей кетсек, "Б" тайпасынан 3 команда орун алган. Алар: "Ынтымак", "Ала-Тоо" жана "Бакубат-Талас" командалары.