Парламенттин кезектеги жыйыны 11-майда өтөт

Жогорку Кеңештин кезектеги отуруму 11-майда өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматта отурум саат 10:00дө парламент имаратынын жыйындар залында өтөрү жазылат.

Жыйындын күн тартибинин долбоору (өзгөртүүлөр болушу мүмкүн):

1. “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” жөнүндөгү мыйзам долбоору үчүнчү окууга киргизилет. Демилгечи – министрлер кабинетинин төрагасы.

2. “Кыргыз Республикасынын президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи өкмөт.

3. “2021-жылдын 21-декабрында Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кредиттик таржымалдын курамына кирген маалыматтар менен алмашуу тартиби жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

4. “Женева шаарында 2008-жылдын 20-февралында кол коюлган Жүктөрдү эл аралык жолдордо ташуу келишими жөнүндө конвенциянын электрондук коштомо кагазга тийиштүү кошумча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

5. “Эл аралык чукул жардам жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

6. “Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

7. “Өсүмдүктөрдүн карантини жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

8. “Күрөө жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

9. “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын тизмесин бекитүү жөнүндө” Жогорку Кеӊештин токтомунун долбоору. Демилгечи министрлер кабинетинин төрагасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан