Футзал: "Алга" футбол клубунун ардагерлери "Билим" жаатын утуп алды

"Алга" футбол клубунун ардагер оюнчуларынан куралган "Алга" командасы футзал боюнча "Мурас" турниринин чейрек финалында "Билим" жаатын жеңип, мелдештин жарым финалына чыкты.

Оюн 2:0 эсебинде аяктап, "Алганын" катарынан Ясын Мусаев менен Камолжан Тайчиев өзгөчөлөнүштү. Муну менен аталган турнирдеги үчүнчү жарым финалчы команда аныкталды.

Буга чейин "Президенттин администрациясы" жана "Ыйман" командалары жарым финалдык баскычка жолдомо алышкан. Ал эми бул баскычка акыркы болуп "Бизнес" жана "Жогорку Кеңеш" беттешинде жеңүүчү болгон команда чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан