АКШ Казакстандын чек ара кызматына учкучсуз учуучу аппараттарды берди

АКШ Казакстанга чек араны көзөмөлдөө үчүн Raven аталышындагы учкучсуз учуучу аппараттарды берди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, учкучсуз учуучу аппараттар АКШнын Казакстандагы элчилигинин Аскердик багытта кызматташуу департаменти тарабынан тапшырылган.

Ошондой эле өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматынын өкүлдөрүнө учактарды башкаруу боюнча атайын окуулар өткөрүлгөн.

Казак тарап АКШ тапшырган аппараттарды мамлекеттик чек араны көзөмөлдөө максатында колдоно турганын билдирди.

Белгилей кетсек, "AeroVironment RQ-11 Raven" аталышындагы учкучсуз учуучу аппараттар АКШнын коргоо министрлиги тарабынан чыгарылган. Учурда дүйнөдөгү бир катар өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүндө колдонулуп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан