Ош шаарында тамакка ууланган 40 адамдын учурда сегизи ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Оштун вице-мэри Венера Рыскулова кондитердик азыктан ууланып ооруканага түшкөн адамдардын абалы менен таанышкан.
Ошондой эле дарыгерлерге жакшылап көзөмөлдөө тапшырмасы берилген.
Эскерте кетсек, Ош шаарында 1-майдан 3-майга чейин баш аягы 40 адам кондитердик азыктардан ууланып ооруканага түшкөн. Алардын жарымынан көбү балдар.