Элчи Текебаев Германиянын федералдык президенти Штайнмайер менен жолукту

Германиядагы Кыргызстандын элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолукту. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда Берлин шаарындагы Бельвю сарайында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жолдоп, быйыл Кыргыз Республикасынын расмий сапар менен келүү чакыруусун айтты. Штайнмайер жана Текебаев 2022-жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешип, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тармактарын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Андан тышкары Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда Германиянын федералдык президентинин Бельвю сарайындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан