Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду 5-июнда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
"Жалпы улуттук сурамжылоо «өлкөнүн демократиялык принциптерге бекем берилгендигибизди көрсөтөт. Алдыдагы референдум ар бир жаранга Казакстандын келечегин аныктай турган тарыхый окуяга түздөн-түз катышууга мүмкүндүк берет», - деп баса белгиледи Токаев.
Апрель айында президент сунушталган түзөтүүлөрдү кабыл алуу “экинчи республикага” өтүүгө барабар экенин айткан. Казакстандын Конституциясынын үчтөн бирине тиешелүү түзөтүүлөр жалпы элдик добуш берүүгө коюлду. Негизги мыйзамдан Нурсултан Назарбаевдин артыкчылык статусун алып салуу сунушталууда.