Эр-Рияд шаарында Кыргыз өлкөсүнүн Сауд Арабиядагы элчиси Улукбек Марипов Медина шаарында жашаган Кыргыз жарандары жана студенттери менен жолукту.
Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууда элчи Улукбек Марипов жарандарга Кыргыз Республикасынын президенти жана Министрлер кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле билим берүү жана жаштарды колдоо боюнча мамлекеттик саясат тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле президент тарабынан Тышкы иштер министрлигинин жана чет өлкөлүк мекемелеринин алдына коюлган Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлөрдө укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттер тууралуу маалымат берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарыбыздын жана студенттерибиздин бардык суроолоруна, анын ичинде билим берүү тууралуу документтер боюнча жооптор берилди.
Марипов Сауд Арабиясында окуп жана иштеп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн кошумча ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, аларды элчилик уюштурган ар кандай иш-чараларга активдүү катышууга чакырды.
Мындан сырткары, ажылыкты уюштуруу учурундагы көйгөйлөр менен таанышуу максатында кыргызстандык зыяратчылар жана ажылык сапарды уюштуруучу Кыргыз Республикасынын компанияларынын өкүлдөрү менен өзүнчө жолугушуулар болуп өттү.