Бүгүн, 6-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда ырчы Аскат Мусабеков жана анын жубайы Миргүл Асаналиеванын “Өмүрлөшүмө” аталышындагы концерти башталууда.
Концерт алгач Аскат Мусабековдун жана Миргүл Асаналиеванын дуэт аткаруусу менен башталды.
Ошондой эле концертти “Камбаркан” фольклордук ансамбли коштоду.
Алып баруучулук тизгинди Мирзат Муканов жана Айзуура Иманалиева алды.