Кубанын борборундагы жарылуудан кеминде 18 адам каза болду. Бул тууралуу BBC басылмасынын орус кызматы жазды.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-майда Куба мамлекетинин борбору Гавана шаарындагы Капитолийдин маңдайындагы Saratoga деп аталган мейманканада катуу жарылуу болгон. Кеминде 18 адам каза таап, 60тан ашуун киши жаракат алган.
Жарылуунун себеби катары алдына ала газ системасындагы катачылык экени айтылууда.
Аталган мейманкана 1880-жылы курулган тарыхый курулуш, 2005-жылы реконструкцияланган. Анын маңдайында Кубанын парламенти Капитолий жайгашкан.