Польшанын президенти мындан ары Польша менен Украинанын ортосунда чек ара болбой турганын билдирди

Польшанын президенти Анджей Дуда жакынкы келечекте Польша менен Украинанын ортосунда чек ара болбой турганын, эки эл бирдикте жашаарын билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазды.

"Мындан ары Польша менен Украинанын ортосунда чек ара болбойт. Эки эл жер үстүндө бирдикте жашайбыз. Биз жалпы бактыбызды жана күчүбүздү бирге куруп, мүмкүн болгон ар кандай коркунучка бирге турабыз", - деп билдирген президент Варшавадагы Бельведер сарайында сүйлөгөн сөзүндө.

Өлкө башчысы ошондой эле польшалыктар Орусиянын чабуулунун каршысында украиналыктар үчүн колдон келген бардык жардамды берип жатышкандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Польша Орусиянын аскердик опперациясы башталган күндөн бери украиналык качкындарды эң көп кабыл алган мамлекет. Аталган өлкөнүн чек ара кызматынын апрелдин аягында тараткан маалыматына караганда 3 миллионго жакын качкын Польшага баш паанек издеп кирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан