Садыр Жапаров: "Дөөлөт Сыдыков пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды"

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик "Кабар" агенттигине коомдогу акыркы окуялар боюнча маек куруп, анда манасчы Дөөлөт Сыдыковдун бийлик тараптан кысымга кабылганын айтып, үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткени боюнча да пикирин билдирди.

"Катуу айтсам кечирип койгула, манасчы экен деп жүрсөм көрсө, манасчы эмес эле пиарчы экен. Эч ким куугунтук кылган жок жана кылбайт дагы. Бир тал чачы түшпөйт. 100 пайыз кепилдик берем. Бул менин президенттик сөзүм. Көрүнгөн өлкөдө тентип жүрбөй эртелеп эле кайта берсин. Баары бир бир күнү келет. Азыр Дөөлөт эмес, Дөөлөттөн миң эсе байлар чет өлкөдө жашай алышпайт. Чет өлкөдө жашаш оюнчук эмес. Жашап көргөм мен дагы үй-бүлөм менен. Бул же пиар үчүн ушундай кадамга барды, же ниети бузук адамдардын жетегинде кетип калды", - деди президент.

Ал ошондой эле Дөөлөт Сыдыковду "Манас" айылынын жаңы долбоору менен тааныштыруу үчүн бир канча жолу чакырганын, бирок ал келбей койгонун билдирди.

"Кудай көрүп турат. Жакшы ой менен чакыргам. Даяр болуп жаткан долбоор менен тааныштырайын дегем. "Манас айылын" Манас айылы деген атка татыктуу кылып оңдоп коёлу деп жасап жаткан иштерди көрсөтүп коёюн, администрация жагына 4-5 сотых жери кирип кетип жаткан болсо, күн батыш тарабынан Манас айылы 7-8 гектар жерге чоңоюп жатат. Ал жакка "Манас театры", кеңсеси менен кошо салынып жатканын көрсөтөйүн деп чакыргам. Манас айылына үч кабаттуу боз үй, андан тышкары, бир топ боз үйлөр, театр салынып жатат. Муну көрсөтөйүн дегем. Балким жаш бала жасалып жаткан иштерди көрбөй-билбей адашып аткандыр, толук маалымат алса түшүнүп кайра тескерисинче колдоп калаар деген ой менен чакыргам. Келбейм деп, керсейип келбей коюптур. Мейли келбесе деп ишти улантып жатабыз. Мамлекет бир кекейген адамга карап олтурмак белек.

Азыркы "Манас айылынын" кебетесин барып көргүлөчү. Иттер менен селсаяктардын дааратканасы болуп калыптыр. Өзү ошол жерде бир жылча башчы болуп иштеди. Эң жок дегенде колуна күрөк алып анча-мынча болсо да тазалап койсо "ии мекенчил бала экен" деп каласың го. Ошону калтыр дейт. Баланын мээси ордунда эмес экен. Ошондон кийин теңелбей эле коёлучу дедим.

"Манас айылын" чыныгы Манас айылы кылып жасап жатабыз. Сабыр кылып тургула. Бүткөндөн кийин баа бергиле. Ким туура, ким туура эмес кылып жатканын. Тез эле бүтөбүз. Эл жык жыйма барып эс алып, тойлорун өткөрүп турчу чыныгы Манас айылы болот. Түбөлүк калат. Азыркы абалы мышык ыйлаарлык. Анысы аз келгенсип Манаска таандык бир сөлөкөт жок. Манас айылы деп айткандан уяласың", - деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына эмнеге Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу түшүндүрмө берген. Анда опузалар башталганда өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан