АКШнын элчилиги Тажикстандын Коргоо министрлигине чек ара коопсуздугун камсыздоо үчүн IVECO үлгүсүндөгү 8 жүк ташуучу унаа жана дөңгөлөк, тетиктери менен кошо тапшырды. Бул тууралуу АКШнын Тажикстандагы элчилигинин расмий сайтына жарыяланды.
Жалпы баасы 2,5 миллион долларлык автоунаалар жана тетиктер Тажикстандын татаал рельефине ылайыкталган. Ошондой эле өлкөнүн Коргоо министрлигинин ишин жакшыртууга багытталган.
Транспорт каражаттарын тапшыруу аземине АКШ миссиясынын башчысынын орун басары Бриджит Уокер айым жана Тажикстан тараптан генерал-майор Хайриддин Хукмиддинзода катышканы кабарланды. Бриджит Уокер саамалыкта сүйлөгөн сөзүндө:
"Бул биздин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнө көрсөтүп жаткан жардамдарыбыздын бир мисалы гана жана Тажикстандын куралдуу согушкерлерден коргонуусуна, мыйзамсыз баңгизаттардын агымын токтотууга болгон умтулуубузду көрсөтөт. Бул унаалар баңгичилер, аткезчилер жана согушчул экстремисттер сыяктуу коркунучтардын алдын алууга чоң жардам берет. Биз бекем өнөктөштүгүбүздүн аркасында Тажикстандын коргонуу тармагына дагы 60 миллион долларлык жардам көрсөтүүнү убада кылдык жана алдыңкы 2 жылдын ичинде ишке ашырабыз", - деди.
Белгилей кетсек, АКШ 2021-жылдын октябрь айында да Дүйшөмбү шаарында баасы 1,4 миллион долларлык J8 үлгүсүндөгү 20 жол тандабас унаа тапшырган. Аталган маалыматта мындан тышкары 1992-жылдан бери тажик тараптын коргонуу тармагына 330 миллион долларлык жардам көрсөтүлгөнү белгиленген. Анын ичине аскерлерди окутуу, аскердик-техникаларды жана аскердик инфраструктураларды жакшыртуу иштери кирери айтылган.