"Пайдубалы Кыргызстанда түптөлгөн". Садыр Жапаров Кыргызстанда төрөлгөн Дмитрий Биволду жеңиши менен куттуктады

Өлкө башчы Садыр Жапаров Токмок шаарында төрөлгөн мушкер Дмитрий Биволду атактуу Сауль Канело Альварести жеңип алгандыгына байланыштуу куттуктады.

"Мекендешибиз Дмитрий Бивол учурдун эң күчтүү мушкери Сауль Альварести оор кармашта жеңип, орто оор салмакта WBA чемпиондук наамын коргоду. Биз Дмитрийдин бул жеңишине чексиз сыймыктанабыз, анткени спорттук пайдубалы дал Кыргызстанда түптөлгөн. Жердешибизге дүйнөлүк спорттук аренада жаңы жеңиштерди каалайбыз", - деп жазды социалдык тармактагы баракчасына Садыр Жапаров.

Дмитрий Бивол менен Сауль Альварестин беттеши бүгүн, 8-майда АКШнын Лас-Вегас шаарында болуп өттү. 12 бөлүккө созулган беттеште Дмитрий Бивол калыстардын чечими менен жеңүүчү аталды.

Белгилей кетсек, Дмитрий Бивол 1990-жылы 18-декабрда Токмок шаарында төрөлгөн. Ал бокс менен алты жашынан баштап машыга баштаган. Бивол жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, бокс боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курамасына кошулган. 15 жашында Дмитрий Бивол Орусияга көчүп кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан