Орусиянын президенти Владимир Путин Улуу Ата Мекендик согуштун украиналык ардагерлерин жана жалпы Украина элин улуу жеңиш майрамы менен куттуктады. Президенттин куттуктоосу Кремлдин расмий сайтына жарыяланды.
Анда ал сан жеткис курмандыктардын жана кыйынчылыктардын арты менен улутчулдукту жеңген жоокерлерге жана тылдагы эмгекчилерге түбөлүк таазим этерин белгилеген.
"Бүгүнкү күндө ар бир өлкөнүн жарандарына болуп көрбөгөндөй азаптарды алып келген улутчулдукка жол берөө ар бирибиздин жалпы милдетибиз. Согуш жылдарындагы чындыктарды, руханий баалуулуктарыбызды жана бир туугандык салт-санааларыбызды бекем сактап, кийинки урпактарга өткөрүп беришибиз абзел", - деген ал.
Ошондой эле Украина элин жана украиналык ардагерлерди да жеңиш күнү менен куттуктап, Улуу Ата Мекендик согушта жеңилген тараптын идеологиялык жактан өч алуусуна жол бербөө керектигин баса белгилеген.
Ал эми Луганск жана Донецк элине жолдогон куттуктоо сөзүндө "Биздин жоокерлер азыр да мурдагысындай эле өз жерин улутчул ыпластыктан тазалоо үчүн ийиндеш күрөш жүргүзүп жатат жана 1945-жылдагыдай жеңиш биз тарапта болоруна ишенем", - деп билдирген.
Мындан тышкары ал Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казахстан, Кыргызстан, Молдова, Таджикистан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түндүк Осетия элин жана мамлекет башчыларын да жеңиш майрамы менен куттуктап, аларга чың ден соолук, узун өмүр, жаркын жана адилеттүү келечек каалаган.