Бир катар өлкө лидерлери Садыр Жапаровду жана кыргыз элин Улуу Жеңиш күнү менен куттукташты

Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына карата бир катар өлкөлөрдүн ажолору куттуктоо телеграммасын жөнөтүштү. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.

"Бул ыйык күн дүйнөнү фашизмден сактап калган элдерибиздин болуп көрбөгөндөй эрдигинин, өзгөчө кайратмандыгынын символу катары тарыхта түбөлүккө жазылып калды. Бир туугандыктын жана өз ара жардамдашуунун даңктуу салттары мындан ары да Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы достуктун, ынак коңшулаштыктын жана стратегиялык өнөктөштүктүн ишенимдүү негизи болуп кала берерине ишенем. Кыргызстандын бардык ардагерлерине жана тыл эмгекчилерине терең ыраазычылык сөздөрүн айтам”, - деп айтылат Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катында.

Өзбекстандын лидери Шавкат Мирзийоев да өз куттуктоосун жолдоду.

"9-май - биздин элдерибиздин жеңилгис эрдигин жана кайраттуулугун, тынчтык жана эркиндик үчүн кайраттуу күрөшүн, өз ара тилектештикти символдоштурган ыйык майрамдын күнү. Бул майрамдарда биз согуш талаасында жанаша баатырларча салгылашкан ардагерлерибизди жана тылда жан аябаган аталарыбызды, чоң аталарыбызды терең урматтоо менен эскерип, аларга чексиз урмат-сыйыбызды билдиребиз.

Биздин жогорку деңгээлдеги жолугушууларыбыздын жана жетишилген бардык макулдашууларды толук ишке ашыруунун натыйжасында Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы тыгыз достуктун жана ынак коңшулаштыктын негизинде түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелери дагы жаңы деңгээлге көтөрүлөрүнө ишенем", - деди ал.

Шавкат Мирзийоев Садыр Жапаровго чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде албан ийгиликтерди, ал эми дос кыргыз элине мындан аркы бакубатчылык жана өнүгүү каалады.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон согуштун каардуу жылдарында эки өлкөнүн эли бул жеңиш үчүн согуштун талааларында жана тылда ийиндеше биригишкенин айтат.

"Ата-бабаларыбыздын тынчтык, эркиндик жана келечек муундардын бактылуу келечеги үчүн жасаган даңктуу эрдиги тууралуу жаркын элеси жүрөктөрүндө түбөлүк сакталат. Мамлекеттерибиздин ортосундагы достук жана ынак коңшулук мамилелер тараптардын жалпы кызыкчылыктарына ылайык мындан ары да жемиштүү өнүгө берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоодо.

Беларусь президенти Александр Лукашенко Садыр Жапаровго чың ден соолук, бакыт-таалай жана боорукердик, ал эми кыргыз элине тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

"Азап жана кубанычтын көз жашы менен биз бул жаркыраган күнү адилеттиктин, өз ара урматтоонун жана тең укуктуу өнөктөштүктүн идеалдарынын салтанаты үчүн күрөшкөндөрдүн жана курман болгондорду эскеребиз.

Биздин күч-аракеттерибизди бириктирүү менен гана биз глобалдык чакырыктарга туруштук берип, заманбап чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү жолдорун таба аларыбызга терең ишенем. Беларусь Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы достук жана ишеним принциптерине негизделген жемиштүү мамилелердин мындан ары да өнүгүшүнө ишеним билдиргим келет", - деп айтылат Александр Лукашенконун куттуктоосунда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан