Баткен облусунун Кадамжай районунда өтүп жаткан көк бөрү турниринин финалдык беттешинде талаага чыгып көк бөрүчүлөргө жардам берүүгө аракет кылган кичинекей бала көпчүлүктү суктандырды.
Анда "Ынтымак" жана "Сары-Өзөн" командаларынын ортосундагы финалдык оюндун 3-бөлүгү башталар алдында улак талаадагы белгиленген чекитке ташталбай калган. Ал ортодо күйөрмандардын арасынан 5-6 жаш чамасындагы кичинекей бала чыга калып, улакты тарткылап, белгиленген чекитке сүйрөп коюп берүүгө аракет кылган. Кичинекей көк бөрү күйөрманынын мындай аракети көпчүлүк көрүүчүлөрдү суктандырып, социалдык тармактарда "көк бөрүнүн келечеги" деген жылуу пикирлер айтылууда.