Биз социалдык тармакта

Баткен. Кайра иштетүүчү ишканалар продукцияларын көргөзмөгө коюшту

Баткен шаарынын облустук администрациясында көргөзмө болуп өттү. Көргөзмөгө облустун шаар, райондорунан кайра иштетүү тармагында иштеп жаткан ишканалар өздөрүнүн продукцияларын алып келишти. Иш-чарага Кыргызстандын гана эмес, Тажикстандын кайра иштетүүчү компаниялары да катышты. Ал жерде Баткенден чыккан өрүк, данек, күрүч, бал татымдары коюлду. Көргөзмө тегерек стол менен уланды. Бул иш-чара БУУнун "Өнүктүрүү" программасы тарабынан уюштурулду. Бул тууралуу аталган уюмдун Соода-сатык боюнча долбоорунун координатору Таалай Исаев билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан