"Манчестер Юнайтед" футболдук клубунун жана Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду жаңы төрөлгөн кызына ысым койду. Бул туурасында дүйнөлүк басылмаларда жазылды.
Басылмалар жазгандай, фотболчу кызына Белла Эсмеральда деген ысым ыйгарган.
Футболчунун жубайы Жоржина Инстаграм баракчасына "Белла Эсмеральда. 180422", - деп жазып калтырган. Ошондой эле ал социалдык тармактагы баракчасына биринчи жолу наристесинин сүрөтүн жарыялаган.
Белгилей кетсек, жубайлар эгиздерди күтүп жатышкан, бирок ымыркайлардын бири чарчап калган. Трагедиядан улам португалиялык чабуулчу 2021-2022-сезондун Англия Премьер-Лигасынын 30-турунун "Ливерпуль" менен болгон жолугушуусуна катышпай калган. Андан көп өтпөй Криштиану Роналду жаңы төрөлгөн уулу чарчап калгандан кийинки биринчи үй-бүлөлүк сүрөтүн жарыялаган.