Америкалык белгилүү актриса, модель, ырчы Мэрилин Монронун "Shot Sage Blue Marilyn" аттуу портрети АКШда 195 миллион долларга сатылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, портретти америкалык поп-арт сүрөтчүсү Энди Уорхол тарткан. Портрет Christie's аукционунда сатылган. Муну менен ал АКШдагы эң кымбат сатылган картина катары рекорд койду. Ошондой эле New York Times гезити бул портретти XX кылымдагы эң кымбат баалуу картинасы деп атады.
Портрет аукциондо 200 миллион долларга сатылат деп божомолдонуп жаткан, Картина швейцариялык "Томас жана Дорис Амман" фонду тарабынан сатыкка коюлган. Каражат кайрымдуулукка жумашалары айтылат маалыматта.