Microsoft корпорациясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирус илдетин жуктуруп алды. Бул тууралуу ал өзүнүн Твиттердеги баракчасына жазган.
"Менден COVID-19 илдети аныкталды. Оору жеңил өтүп жатат жана дарыгерлердин кеңешин угуп, дарыланып жатам, толук сакайганча обочолонууда болом", - деп жазган ал.
Ошондой эле ал буга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирген. Мындан тышкары ал өзү негиздеген Gates Foundation фонду дүйнө эли пандемиядан жабыр тартпашы үчүн бардык аракеттерди көрөрүн кошумчалаган.